20.07.2018 12:00

Бишкек шаардык сотуна Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү жолдонот

  Албек Ибраимовдун иши (5 материалов)
Бишкек шаардык сотуна Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү жолдонот

Бишкек шаардык сотуна Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү өтүнүчү жолдонот. Бул туурасында анын адвокаты Сергей Слесарев билдирди.  

Жактоочунун айтымында, кечээки Биринчи май райсотунун мурунку шаар мэрин тергөө бүткүчө камакка алуу чечими -мыйзамсыз.

«Биринчи май райондук соту азыркыга чейин отурумдарына журналисттерди киргизбей келет. Мунун өзү - мыйзамды бузуу. Мыйзамда соттук иш-чаралар ачык өтүш керек деп жазылган. Биз сотко каршы болсок, аны четке какты. Албек Ибраимовго «Алдамчылык» беренеси менен айып тагып жатышат. Бул берене боюнча тергөөнү УКМК жүргүзбөйт. Ошондой эле, «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон эмес», — деди  Сергей Слесарев.

Ал ошондой эле, соттук отурумдун жүрүшүндө судьяга тергөөнүн позициясын негиздей турган бир да документ көрсөтүлбөгөнүн кошумчалады. 

«Айыптоого жана баш коргоо чарасын тандоо зарылдыгына байланыштуу судьяга далилдер, фактылар көрсөтүлгөн жок. Кармалганга чейин Албек Ибраимов үйүндө, эмгек өргүүсүндө болчу. Эч жакка качкан эмес. Тергөө аны жашырынып атат деп, атайын багыттагы отряддын жана күч органдарынын күчү менен УКМКга мажбурлап алып келишкен. Үйүндө отурган адамды жашырынып атат деп айтууга болбойт. Мурда да чакырылган деп айтышты эле. Аны далилдөөчү кагазын да, сотко күчтөп алып келүү тууралуу токтомду да көрсөтүшкөн жок», — деп билдирди Слесарев. 

Эскерте кетсек, экс-мэрди атайын шаймандарды жогорулатылган баада сатып алуу менен «Дастан» ишканасынын  мүлкүн коротуу жана өзүнө ыйгарып алуу фактысы боюнча 171-берене менен козголгон кылмыш ишине шектеп жатышат.